• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Стамбулда жарылуу болду

16 Жетинин айы 2022 10:29 Бишкек Govori.TV

Стамбулдун Фатих районунда жарылуу болуп, өрт үч унааны каптады, жарылуунун себеби белгисиз экенин жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлашты.

«Стамбулдун Фатих районунда белгисиз себептерден улам күйө баштаган унаадан тараган жалын токтоп турган унааларга жайылды. Өрт учурунда тартылган видеолордо жардыруулардын үнү угулган», — деп жазат Haberturk порталы.

“Yeni Akit” гезити билдиргендей, өрт бир эмес, бир нече жардыруулардан улам чыккан. Жалын унаадан чыгып, андан соң башка унааларга өткөн. Жети унаа катуу жабыркап, жарылуулар элди дүрбөлөңгө салды.

Окуя болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр келип, өрттү өчүрүштү, ал эми милиция окуяны иликтей баштады.

Количество просмотров: 77