• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Стамбулдагы жардыруудан кеминде 6 киши каза тапты

14 Жетинин айы 2022 9:03 Бишкек Govori.TV

13-ноябрда Стамбулдун борборунда жардыруу болуп, кеминде алты кишинин каза тапты, 53 киши ар кандай жараат алды. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды. Маалыматты Стамбулдун губернатору Али Йерликая өзүнүн Твиттердеги баракчасы аркылуу да тастыктады.

Жардыруу Таксим борбордук аянтына жакын жайгашкан эл жык жайгашкан аймакта, саат 16:20 чамасында болгон.

Окуя болгон жерге «Тез жардам» унаалары жана полиция кызматкерлери жетип барган.

Жардыруу болгон учур байкоочу камераларга да түшүп калган. Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган билдирүү жасап, бул жардыруу террордук чабуул болушу ыктымал экендигин айтты.

Теги:
Количество просмотров: 101