• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу: Кутманованын баласы депортация борборунда

25 Теке 2023 9:42 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу мурдагы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманованын уулу Кемел Кутмановго байланыштуу маалымат таратты.

Дипломатиялык өкүлчүлүктөн билдиришкендей, ал азыр депортациялоо борборунда жана жакынкы аралыкта Кыргызстанга өткөрүлүп берилет. Башкы консулдуктан билдиришкендей, анын дайынсыз жоголгону тууралуу маалымат түшкөндөн кийин Кыргызстандын Түркиядагы бардык дипломатиялык өкүлчүлүктөрү, анын ичинде консулдук, ИИМ түрк полициясы менен тыгыз кызматташтыкта издөө иштерин жүргүзүшкөн.

Президент Садыр Жапаров 24-июлда «Кабар» улуттук маалымат агенттигине курган маегинде Кутманованын айланасындагы соңку жагдайлар тууралуу суроого жооп берип, экс-министрдин уулу Стамбулда уурдалган деген билдирүүнү четке каккан жана Кумтөрдөн желген акчаларга байланыштуу тергөө жүрүп жатканын, күнөөлүүлөр аныкталса жазаланарын эскерткен.

«Кутманованын баласын эч ким уурдабаптыр. Мага да Динара айым ыйлап кайрылганынан чындап эле ишенип алыпмын. Дароо министрге чалдым. Чалсам, «спектакль уюштуруп атышыптыр» дейт. Көрсө, жоопкерчиликтен качыш үчүн өздөрү уюштуруп коюшуптур. Түркияда кармалып турат. Жакында депортация болуп келет. «Кумтөр» маселесинде колдоду эле деп кантип жоопкерчиликтен четтетип коебуз? «Кумтөрдөн» жаратылышты жашылдандырууга деп бөлүнгөн акчаны жеп коюптур деп жатышат. Бир тууган сиңдиси дароо баарын ачык айтып чыкты. Кайсы акчалар каякка кеткен, кимиси канча акча алган жана башка баарын айтып көрсөтмө берди. Эми баласы келсе, ал да сурак берет. Тергөө көрсөтөт. Таза болсо акталышат. Жеп койгон болсо, төлөшөт. Коомчулукка баары ачык болот», — деген эле Жапаров.

Кутманова уулун Түркиядан белгисиз бирөөлөр кармап кетип, “Кыргызстандагы айрым адамдардын буюртмасы менен” деп алгач 2 миллион доллар талап кылып, кийин 600 миң долларга түшүрүп коё беришкенин, аны ким уурдап, ким буюртма бергенин аныктоо өтүнүчү менен ИИМге да, УКМКга да кайрылып, бирок жооп албаганын айтып чыккан болчу.

УКМК 22-июлда Жаратылышты өнүктүрүү фондунун кызматкерлери аралашкан фактылар иликтенип жатканын, козголгон кылмыш ишинин алкагында сегиз адамга айып коюлуп, алтоо камалганын кабарлаган эле. Анда Кутманованын өзү менен тергөө иш-чараларын өткөрүү пландалып жатканы белгиленген.

Министрликке 2021-жылы келген Кутманова кызматынан быйыл мартта күтүүсүз алынганда, бул үчүн өкмөт башчы Акылбек Жапаровду күнөөлөгөн эле.

Количество просмотров: 74