• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Стамбулдагы жардырууга тиешеси бар 20дан ашык адам кармалды

14 Жетинин айы 2022 11:50 Бишкек Govori.TV

Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу Стамбулдагы жардырууга тиешеси бар 22 адам кармалганын билдирди. Бул тууралуу түркиялык басылмалар жазды.

Укук коргоо органынын башчысы журналисттер менен жолугушууда билдиргендей, бийликке теракт кимдер тарабынан жасалганы маалым.

«Бизде кайдан чыккан жери, кайсы жерде буйрук алынганы жана акцияны аткарган адамдар тууралуу маалыматтар бар. Биздин баамыбызда акция өткөрүүгө буйрук Кобаниден (ред. эскертүү — Сириянын түндүгүндөгү шаар) келген. Окуяга себепкер болгон жана бомбаны таштаган адам биздин Стамбул полиция башкармалыгы тарабынан кармалды. Буга чейин дагы 21 адам камакка алынган», — деди Сойлу.

Жардыруудан 6 адам каза болуп, 81 адам жаракат алган, бешөө реанимацияда, экөөнүн абалы оор. Учурда жалпы жабыркагандардын 50сү ооруканадан чыгарылды, калгандары дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Эскерте кетсек, 13-ноябрда Стамбул шаарынын Бейоглу районундагы Истикляль көчөсүндө жарылуу болгон. Кыргызстандын Башкы консулдугу каза болгон жана жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок экенин кабарлады.

Теги:
Количество просмотров: 51