• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Стамбулдан Кыргызстандын 351 жараны алынып келди

24 Чын куран 2020 13:45 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 24-апрелде Бишкек шаарына Стамбулдан Кыргызстандын 351 жараны алынып келди. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штаб билдирди.

Чартердик каттам менен учуп келген учак «Манас» эл аралык аэропортуна конду. Аталган жүргүнчүлөр Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда аба байланышы токтотулгандан бери каттамдарды күтүп жатышкан.

«Бул чартердик каттам Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин 10-апрелде өткөн видеоконференция форматындагы кезексиз жыйынында жетишилген макулдашуунун негизинде ишке ашты. Саммит учурунда президент Сооронбай Жээнбеков бардык өлкөлөрдүн уюмдарына коронавирус пандемиясына карата үзгүлтүккө учураган аба каттамдарынын убактылуу токтотулушуна байланыштуу тараптардын аймагында жүргөн жана өз өлкөлөрүнө кайтууга мүмкүндүгү жок болгон жарандарга өз ара колдоо көрсөтүү тууралуу өтүнүч менен кайрылган», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Стамбулдан Кыргызстандын 211 жараны алынып келген болчу.

Количество просмотров: 138