Американын укук коргоо органдары тарабынан Пуэрто-Рикодо эки кыргызстандык кармалган. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, алар АКШнын миграциялык мыйзамдарын бузууга шектелүүдө. Алар учурда Флорида штатынын убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Белгиленгендей, Кыргызстандын АКШдагы элчилиги тарабынан кыргызстандыктардын кармалышы боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.