• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Стамбулдун оппозициялык мэри эки жыл жети айга соттолду

15 Бештин айы 2022 9:16 Бишкек Govori.TV

Стамбулдун мэри Экрем Имамоглу «бийлик өкүлүн кемсинткени үчүн» эки жыл жети айга эркинен ажыратылып, саясий ишмердүүлүк менен алектенүүсүнө тыюу салынды. Мындай өкүмдү Стамбул соту 14-декабрда чыгарды.

Сот Имамоглунун 2019-жылы айткан сөздөрүн «бийлик өкүлүн кемсинтүү» деп тапты. Анда ал бийлик партиясынын талапкерин утуп, Стамбул шаарынын мэри кызматына шайланган. Бирок шайлоо комиссиясы бурмалоолор болгонун билдирип, ал шайлоону жараксыз деп тапкан. Имамоглу кийинки дайындалган шайлоодо да жеңишке жетип, шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн «акмактар» деп атаган. Түркия мыйзамдарына ылайык, бийлик өкүлдөрүнө акаарат келтирүү үчүн төрт жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Экрем Имамоглу – Түркиядагы негизги оппозициялык жана светтик партия эсептелген «Республикалык элдик партиянын» мүчөсү. Аны кезинде өлкөнүн биринчи президенти жана реформатор Мустафа Кемал Ататүрк негиздеген.

Имамоглу Түркияда эмдиги жылы өтө турган президенттик шайлоодо Эрдогандын потенциалдуу атаандашы катары каралып келген.

Количество просмотров: 106