• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Өзбекстанда бийликти сындаган блогер жети жылга эркинен ажыратылды

20 Бештин айы 2023 9:02 Бишкек Govori.TV

Өзбекстанда мамлекеттик органдардын ишин ачык сындап жүргөн блогер Отабек Ахлиддинов 7,1 жылга эркинен ажыратылганын 19-декабрда «Озодлик» радиосу билдирди.

Ташкенттеги «Эзгулик» укук коргоо уюмунун төрагасы Абдурахман Ташановдун айтымында, Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексинин “Алдоо жолу менен ээлеп алуу же тоноо” беренесинин негизинде козголгон иш Анжиян облустук сотунда каралып, Ахлиддинов күнөөлүү деп табылды.

Анжиян облусунун Шахрихан районунун борбордук бейтапканасында бөлүм башчы болуп иштеп келген Отабек Ахлиддиновго 200 миллион сумду (16 миң долларга жакын акча) жымырып алган деген айып тагылган.

Блогерди быйыл сентябрь айында кармап кетишкен. Алгач Ханабад райондук сотунун өкүмү менен ал 5,1 жылга эркинен ажыратылган. Кийин прокуратуранын протестинен улам иш Анжиянда апелляциялык негизде каралды.

Ахлиддинов «Эзгулик» укук коргоо уюмунун мүчөсү катары мамлекеттик органдардын иши боюнча сын көз карашын билдирип келген.

Количество просмотров: 50