• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Статком: Орточо айлык акы 32 миң 142 сомду түздү

15 Үчтүн айы 202413:06 Бишкек Govori.TV

2023-жылы январь-ноябрда номиналдуу орточо айлык акы 32 миң 142 сомду түздү. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Улуттук статистикалык комитеттин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов билдирди.

Анын айтымында, 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү 20,6%ды түзгөн.

Ал белгилегендей, айлык акылардын өсүүсү мамлекеттик башкаруу, коргоо, социалдык камсыздоо, суу менен камсыздоо жана тазалоо чөйрөсүндө, ошондой эле кыймылсыз мүлктү алуу-сатуу, дүң жана чекене сатуу, унааларды дана мотоциклдерди оңдоо, курулуш жана маалымат чөйрөлөрүндө байкалган.

Количество просмотров: 110