• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Студенттер «Тазалыктын» кызматкерлерине ысык чай жана таттууларды беришти

25 Жетинин айы 201812:13 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 25.11.2018. Govori.TV
Бүгүн, 25-ноябрь күнү «Ноокен жаштары» коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган «Жаштар таза шаар үчүн» урааны астындагы эстафета болуп өттү.
Аталган иш-чаранын уюштуруучусу Байыш Парпиевдин айтымында жаштардын ортосундагы ынтымакты бекемдөө, шаардын тазалыгына кайдыгер мамиле кылбоо максатында бул иш-чара өткөрүлдү.
«Бул иш-чараны эстафета катары бизге окшогон уюмдарга («Токтогул жаштары», «Кадамжай жаштары», «Ат-Башы жаштары», » Аксы жаштары») өткөрүп берели деген максатта уюштурдук. Максатыбыз жаштардын арасында аң-сезимди өстүрүү, шаардагы тазалык жумушчуларынын жумушунун түйшүгүн көрсөтүү жана жаштар арасында биримдикти чыңдап, кайдыгерликти жок кылуу»,-деди ал.
Эстафетага жалпысынан 24 активист катышты. Алар 6 топко бөлүнүп Бишкек шаардык мэриясынан баштап, Ала-Тоо аянты, Киев, Чүй, Жаш гвардия көчөлөрүндө иштеген «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлерине ысык чай жана таттууларды беришти.

Эске салсак, «Ноокен жаштары» коомдук бирикмеси Жалал-Абад облусунун Ноок районунан Бишкекке келип окуп, жашап жаткан студенттерден түзүлгөн.

Булак: «Ракурс» агенттиги
Количество просмотров: 30