• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Студенттердин окуу акысы боюнча Билим берүү министри ректорлор менен жолукту

15 Үчтүн айы 2021 9:35 Бишкек Govori.TV

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев жогорку окуу жайлардын ректорлору менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйналышта ЖОЖдордун ректорлору тарабынан окуу акынын айланасында жаралган кырдаалга байланыштуу маалымат берилген.

«Министр жаралган көйгөйдүн алкагында ар бир ректорго жогорку окуу жайдын деңгээлинде жыйналыш уюштуруу жана ар бир студентке индивидуалдык мамиле жасоо, алар менен тыгыз иштешүү тапшырмасын берди. Ошондой эле студенттерге жогорку окуу жайдын абалы, мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат берүүнү, жаралган көйгөйлөрдү студенттер менен биргеликте талкууга коюуну тапшырды»,-деп айтылат маалыматта.

Жыйындын соңунда министр жогорку окуу жайлардын кайрадан ачылышында студенттердин, мугалимдердин, техникалык персоналдын ден соолугу биринчи орунда экендигин баса белгилеп, санитардык эрежелердин сакталышына өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

Количество просмотров: 254