Бишкек.18.07.2019.Govori.TV.
Япониянын Киото шаарында 3 кабаттуу аниме студиясында өрт чыгып, 10 адам каза болуп, алардын жансыз денеси имараттын 2-кабатынан табылганын РИА Новости жазды.
Маалыматка ылайык, тилсиз жоодон жалпысынын 40ка жакын адам жабыркаган. Алардын ичинен 10у оор абалда экени айтылууда.
Андан тышкары, полиция орто жаштагы эркек киши аталган имаратка күйүүчү суюктукту чачып өрттөгөн деп божомолдоодо.