Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов 8-мартта Бишкекте өткөн «Аялдардын шериктештик маршы» тууралуу өз пикирин билдирип, фейсбуктагы өздүк баркчасына видео кайрылуу жарыялады.
«Качан кыргыздын эркектери башына калпак кийип, бетин бет кап менен жабып сабады эле? Мындай көрүнүш жапайычылык, сабатсыздык, алсыздык. Урматтуу жигиттер көзүңөрдү ачкыла! Жасаган ишиңер такыр туура эмес. “Жигит”, “мырза”, “эркек” деген андай болбойт. Кыргыздын жигиттери деп айтууга менин оозум барбайт. Кыйын болсоңор бетиңердеги бет капты чечип келгиле, сүйлөшөлү!»,-деди Сулайманов.