• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Султанбаев: Кыргыз аскерлери казак жарандарына каршы аракеттерге тартылбайт

6 Үчтүн айы 2022 16:26 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңеш Казакстанга Кыргызстандын аскерлерин жөнөтүү тууралуу чечим кабыл алса, кыргыз аскерлери казак жарандарына каршы аракеттерге тартылбайт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

«Жогорку Кеңеш жактырса, Кыргызстандын аскерлери ЖККУнун жобосуна ылайык жамааттык күчтөрдүн курамында Казакстанга тынчтыкты орнотуу үчүн жөнөтүлөт. Кыргызстандын тынчтык орнотуучулары стратегиялык маанидеги объектилерди коргойт. Кыргыз аскерлери Казакстандагы акциялардын катышуучуларына карата эч кандай аракеттерге тартылбай турганын өзгөчө белгилейбиз», — деди Султанбаев.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов кыргыз аскерлерин Казакстанга жөнөтүүгө каршы Жогорку Кеңештин астына пикетке чыккандардын суроосуна жооп берип жатып, Кыргызстан акыркы убакытка чейин түзүлгөн кырдаалдан Казакстан өз алдынча чыга алат деген ишенимде болгонун айткан.

Бүгүн, 6-январда Жогорку Кеңеш Казакстанга Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) аскерлерин жөнөтүү маселесин караган отуруму кворум болбой калгандыгына байланыштуу өтпөй калды. Жыйын 7-январга жылды.

ЖККУга төрагалык кылган Армениянын премьер-министри Никол Пашинян уюмдун бейпилдик орнотуучу күчтөрү чектелген убакытка Казакстанга жөнөтүлөрүн 6-январда «Фейсбукка» жарыялаган.

Анын алдында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, өлкөдө тартипти камсыз кылуу үчүн уюмдун лидерлеринен жардам сураган. Ал өлкөдө болуп жаткан окуяларды «сырткы агрессия» деп атап, аларды «чет жакта олуттуу даярдыктан өткөн террордук топтор» уюштуруп жатканын билдирген.

Количество просмотров: 550