• Шаршемби 3 Кулжа 2026
  • Среда 3 Июнь 2026

Супаранын жаңы курулуп жаткан имараты жана 6 боз үй күйүп кетти (видео)

18 Аяк оона 2018 9:48 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 18.09.2018.Govori.TV.

18-сентябрь күнү саат 02:05те Көк-Жар айылынын Карагул-Акмат көчөсүндө жайгашкан “Супара” этно комплексинде өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Алдын ала маалымататарга ылайык, жалпы аянты 1000 м2 (жаны курулуп жаткан имараты жана 6 боз үй) күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда.

Жабыркагандар жок.

Тартылган өрт өчүрүү бөлүмдөрүнүн жардамында саат 03:24тө өрт чектөөгө алынып, саат 06:46да толук өчүрүлгөн.

Количество просмотров: 60