• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Сурактан суй жыгылабы? Сапар Исаков УКМКга келет

29 Бугу 2018 10:36 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 29.05. 2018. Govori.TV
Сапар Исаков бүгүн да УКМКнын имаратына сурак берүүгө келет. башкы коопсуздук органы аны түшкү саат 14:00гө чакырганын ал өзү ММКларга билдирди.
Ал буга чейин Алмазбек Атамбаевдин тышкы саясат бөлүмүн жетектеп турган маалда Бишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча аткарган иштери тууралуу суроолорго жооп берип, үч жолу узакка созулган сурактардан чыккан эле.
Ал эми бүгүн кайсы маселе боюнча сурак берээри азырынча белгисиз. Ал арада өздүк булактарыбыз Сапар Исаков бул жолу Мамлекеттик тарых музейинин реконструкция иштериндеги кураторлугу жана Чолпон-Атадагы ипподромдун реконструкцисы боюнча иштерге катыштыгын тергөөчүлөр алдында айтып бериши мүмкүн.
Эске сала кетсек ал бул сурактардын баарын саясий куугунтук катары сыпаттап келе жатат.
Количество просмотров: 11