«Ак-Жол» көзөмөл өткөрмө бекетинде унаалардын узун кезеги жаралды.
Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке караштуу Чек ара кызматы бүгүн, 8-майда Казакстан менен Кыргызстандын чек арасындагы «Ак-Жол» өткөрмө бекети кайрадан штаттык режимде иштей баштаганын билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн түштөн кийин тышкы миграцияны каттоонун бирдиктүү системасы иштебей калып, чек ара өткөрмө бекетинде жүргүнчүлөр менен автоунаалардын узун кезеги жаралган.
Кийин система кайрадан оңдолгону айтылды.