Бир нече күн мурун Бишкек шаардык кеңеши коомдук транспортко төлөнүүчү акыны жогорулатуу сунушун коомдук талкууга койду.
Ага ылайык, жол акысын төмөндөгүдөй жогорулатуу сунушталууда:
Троллейбус – 15 сом, Менчигинин түрүнө карабастан автобус (кичи жана өзгөчө кичи класстагы автобустардан тышкары) – 15 сом;
Менчигинин түрүнө карабастан кичи жана өзгөчө кичи класстагы автобус – 21 сом;
Маршрутка – эртең мененки саат 6:00дөн 20:30га чейин 21 сом, кечки саат 20:30дан 6:00гө чейин 32 сом;
Экспресс маршрутка – №233, 234 – 22 сом, №123, 226, 252 – 32 сом, Автобус менен троллейбуска жүк ташуу – 40 кг жогору же 50×60×100 см түзгөн жүккө 10 сом.
Коомдук транспортто бир айлык жүрүүнүн акысы: Мектеп окуучуларына – 320 сом, Жалпы (автобус, троллейбус) – 920 сом.
Анткен менен шаар тургундары жол кире кымбатташына кандай карайт? сурамжылоо жүргүздүк…