• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

«Өзгөртүп коюш беш секундда». Президент комуз сымал пирс боюнча элге кайрылды

5 Бугу 2024 19:32 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда Фейсбуктагы баракчасына билдирүү жазып, «Рух Ордого» жаңы салынчу комуз сымал жаңы пирс боюнча сурамжылоо жүргүзүп жатканын айтты.

Анын айтымында, көпчүлүктүн каалоосу эске алынат.

«Урматтуу кыргызстандыктар! Бир маселе боюнча сурамжылоо кылып коёюн деп чечтим. Чолпон-Ата шаарындагы “Рух Ордо” туристтик комплекси былтыр мамлекеттин карамагына өткөн. Албетте мурда жакшы каралбай калгандыктан кунары кача түшкөн. Быйыл оңдоо-түздөө иштерин жүргүзө баштадык. Кудай буюрса жакын арада туристтерди кабыл алып баштайт. Мына ушул “Рух Ордого” эң чоң пирс салынып жатат. Ал пирс формасы комуздун түспөлүн көрсөтүп турат. Ортосунда боз үй форамасында айнек ресторан болот. Ресторанда улуттук тамактар гана берилет. Тейлөө кызматындагылар улуттук кийим кийишет. Кыскасы улуттук колоритибизди көрсөткөн туристтик комплекс кылалы деп иш баштаганбыз. Кечээ эле өзүм барып иштин жүрүшү менен таанышып келгем. “Быйылкы жайкы туристтик сезонго даяр кылабыз”,- деп куруучулар сөз беришти. Анан мага бүгүн пресс катчым телефон чалып: “Социалдык түйүндөрдө комуздун түспөлү түшүрүлгөн пирске катуу сын айткандар көп болуп жатат”,- деп билдирди. Мына ошондуктан жалпы коомчулуктан сурамжылоо кыламын. Ким колдосо “Ооба” деп добуш бергиле, ким колдобосо “Жок” деп добуш бериңиздер. Сөзсүз көпчүлүктүн каалоосун эске алабыз. “Жок” дегендер көптүк кылып кетсе анда долбоорду өзгөртүп коюш беш секундда», — деп жазды президент Жапаров.

Количество просмотров: 168