• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Суталинов УКМКга эмнеге чакырылганын айтты

24 Жетинин айы 2022 16:49 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы башчысы Мурат Суталиновго расмий эскертүү берилди. Бул тууралуу ал «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Анын айтымында, УКМКнын кызматкери ага социалдык тармактарда Украинадагы согушка байланыштуу билдирүүлөрдү жасаганы үчүн расмий эскертүү берип, андан кийин коё берген.

Эскерте кетсек, Мурат Суталинов 23-ноябрда УКМКга «маектешүүгө» чакырылганын кабарлаган.

Суталиновду Бишкек шаардык соту 2019-жылдын 7-майында ден соолугуна байланыштуу абактан бошотуу жөнүндө чечим кабыл алган. Бакиевдин бийлиги учурунда башкы чекист болуп турган Мурат Суталинов 2010-жылдын 7-апрелинде окко учкандардын соту боюнча башкы фигурант катары өткөндөрдүн бири болгон. «Кыргызстандагы кылым соту» аталган бул иш учурунда ал бөйрөгүн алдырып (рактын 3-стадиясы), химиотерапия алып жатканы айтылган. Февраль айында Ленин райондук соту аны эркиндикке чыгаруудан баш тарткан болчу. Жогорку сот аны 20 жылга эркинен ажыраткан чечим чыгарган.

Количество просмотров: 669