• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Мурат Суталинов УКМКга сүйлөшүүгө чакырылганын билдирди

24 Жетинин айы 2022 9:45 Бишкек Govori.TV

УКМКнын мурдагы жетекчиси Мурат Суталинов социалдык тармактагы баракчасына УКМКга сүйлөшүүгө чакырылганын билдирди.

«Үйгө УКМКнын кызматкери И.И. келип, саат 21:00дөн кийин кеңсеге «сүйлөшүүгө» чакырды. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамды, кандайдыр бир жашыруун органдарга», — деп жазат ал.

Эске салсак, Суталиновду Бишкек шаардык соту 2019-жылдын 7-майында ден соолугуна байланыштуу абактан бошотуу жөнүндө чечим кабыл алган. Бакиевдин бийлиги учурунда башкы чекист болуп турган Мурат Суталинов 2010-жылдын 7-апрелинде окко учкандардын соту боюнча башкы фигурант катары өткөндөрдүн бири болгон. «Кыргызстандагы кылым соту» аталган бул иш учурунда ал бөйрөгүн алдырып (рактын 3-стадиясы), химиотерапия алып жатканы айтылган. Февраль айында Ленин райондук соту аны эркиндикке чыгаруудан баш тарткан болчу. Жогорку сот аны 20 жылга эркинен ажыраткан чечим чыгарган.

Количество просмотров: 1474