• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Сутка ичинде 1 медкызматкер вирус жугузса, он бири айыкты

3 Кулжа 2020 10:25 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирустан 11 медкызматкер айыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, бир күн ичинде Нарын облусунда 1 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган.

“Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 365 учур катталды, алардын ичинен 265 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан”, — дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 1871 учур катталды. Алардын ичинен 365и медицина кызматкери. Илдеттен 1265 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 20 адам каза болду.

Количество просмотров: 51