• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Сутка ичинде 14 медкызматкер коронавирус жуктурду

30 Бугу 202010:15 Бишкек Govori.TV

Сутка ичинде өлкөдө 14 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

«Бишкек шаарында 2, Нарын облусунда 12 медкызматкер илдет жуктурган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 344 учур катталды, алардын ичинен 247 медкызматкер стационарлардан айыгып чыкты», — деди Үсөнбаев.

Количество просмотров: 79