• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Сутка ичинде 154 адам коронавирустан айыкты

2 Тогуздун айы 2020 11:33 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда сутка ичинде 154 адам коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында – 6, Ош шаарында – 34, Чүй облусунда — 5, Ош облусунда – 47, Талас облусунда — 2, Нарын облусунда — 2, Ысык-Көл облусунда – 12, Жалал-Абад облусунда – 19, Баткен облусунда – 27 бейтап коронавирустан айыкты.

Учурда Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын жалпы саны 43 миң 137ге жетти.

Количество просмотров: 29