• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Сутка ичинде 168 адам коронавирустан айыкты

11 Тогуздун айы 202011:37 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда сутка ичинде 168 адам коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 24, Ош шаарында – 13, Чүй облусунда — 10, Ош облусунда – 35, Нарын облусунда — 5, Талас облусунда 7, Ысык-Көл облусунда – 6, Жалал-Абад облусунда – 44, Баткен облусунда – 24 бейтап коронавирустан айыкты.

Учурда Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын жалпы саны 44 миң 395 адамга жетти.

Количество просмотров: 48