• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Сутка ичинде 7 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

16 Аяк оона 202011:31 Бишкек Govori.TV

Сутка ичинде 7 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Анын айтымында, Баткен облусунда 7 медик илдетке кабылды.

«Ал эми бир суткада ооруканалардан 6 медкызматкер жана үй карантининен 13 медкызматкер айыгып чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3 миң 181 учур катталды, алардын ичинен 2 миң 729 медкызматкер айыгып чыкты», — дейт ал.

Белгилей кетсек, 16-сентябрга карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуккан учурлардын саны 45 миң 72ни түзөт. Алардын ичинен 41 миң 210 киши айыгып чыкты, 1 миң 63 адам каза болду.

Количество просмотров: 50