• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Сууга аккан эки баланы куткарган жаран сыйланды

2 Баш оона 20239:39 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 1-августта Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин буйругунун негизинде ушул жылдын май айында сууга чөгүп бара жаткан 2 өспөрүмдүн өмүрүн сактап калган Даниил Дрыгого «Сууга чөккөндөрдү куткаргандыгы үчүн» медалы тапшырылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, 2023-жылдын 22-май күнү ал Чоң Чүй каналына чөгүп бара жаткан 10-11 жаштардагы эки өспүрүмдү куткарып калган.

«Бүгүн Даниилдин эр жүрөктүүлүк менен жасаган эрдиги бааланып, министрликтин жогорку мактоосуна татыды», — деп айтылат маалыматта.

Ал эми ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын өздүк курамы жаштарга жана келечек муундарга үлгү боло турган өмүр сакчысына ыраазычылык билдиришип, ийгиликтерди каалашты.

Количество просмотров: 59