• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Суусамырда малчы малы менен кар көчкүдө калган

13 Бирдин айы 202610:06 Бишкек Govori.TV

Кечээ Жайыл районуна караштуу Суусамыр айыл аймагынын Бороондуу жайлоосунда 1967-жылы туулган Д.А. аттуу эркек кишини 50 баш кой, 1 аты менен кар көчкү басып калган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кырсык тууралуу Кызыл-Ой айылынын башчысы Жайыл райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө билдирген.

Бүгүн, 13-февралда түнкү саат 03:00дөн тарта жалпы 24 куткаруучу көчкү басып калган жаранды издөө иштерине жөнөтүлдү.

Издеп-куткаруу иштеринен кошумча маалымат берилет.

Количество просмотров: 160