• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Сузак айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жана анын орун басары кармалды

12 Жетинин айы 2022 12:31 Бишкек Govori.TV

Сузак айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жана анын орун басары кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Сузак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жасалма токтомдорун колдонуу менен жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз сатуу фактысы боюнча кылмыш ишине бөгөт коюулду.

Бул кылмышта схема түзүүгө жана ишке ашырууга Сузак айыл аймагынын мурдагы башчысы Р.Х.М. жана анын орун басары Б.А. түздөн-түз тиешеси бар экендиги аныкталды. Алар жарандарга жер тилкелерин бөлүп берүү боюнча жасалма токтомдорду чыгарган.

Бул адамдар жасалма документтерди берип, акча каражатын алып жаткан жеринен кармалышты.

Бул факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин 1-бөлүгү (Документтердин жасалмасын жасоо) менен Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, кармалгандар КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 249