• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Сузакта 17 жаштагы өспүрүм сабалып ооруканага түштү. Шектүү катары 4 бала кармалды

24 Бугу 202113:52 Бишкек Govori.TV

Сузакта 17 жаштагы бала ур-токмок жеп ооруканага түштү. Бул тууарлуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматта айтылгандай, 2021-жылдын 21-майынан 22-майга караган түнү болжол менен саат 03:45 чамасында Сузак районунун 2004-ж.т. Н.А. аттуу тургуну эс учун жоготкон абалда Жалал-Абад областтык клиникалык ооруканасына келип түшкөн.

«Тергөө амалдарынын жүрүшүндө ооруканада жаткан баланын атасы арыз менен кайрылып, анда уулун уруп, ден соолугуна залал келтирген атуулдарга мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Окуяга катыштыгы бар делген балдардын биринин көрсөтмөсүндө 2021-жылдын 21-майынан 22-майга караган түнү саат 01:15 чамасында Сузак районунун аймагында 4 бала Н.А.ны уруп, денесине залал келтиришкендигин билдирген», — деп айтылат билдирүүдө.

Кошумчалангандай, окуяга катышты бар делген 4 баланын өздүктөрү аныкталып, 2021-жылдын 22-май күнү КРнын ЖПКнин 98-беренесинин негизинде УКЖга киргизилген. Алардын баш коргоо чарасы 23-майда Сузак райондук сотунда каралып, үй камагына чыгарылган. Шектүүлөр 2003-2004-ж.туулган жарандар.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Количество просмотров: 224