• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Сузакта 28 жаштагы келиндин өлүмүнө шектелип күйөөсү кармалды

12 Үчтүн айы 202618:48 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусундагы Сузак районунда 28 жаштагы келин күйөөсүнүн колунан каза тапканын облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда каргашалуу окуя 3-январда болгон. Ал күнү Сузак райондук милиция бөлүмүнүн 102 номерине 35 жаштагы тургун чалып, жубайын өлтүрүп алгандыгын билдирген. Маалымат кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси («Адам өлтүрүү») менен кылмыш иши козголгон.

Окуя болгон жерден далил буюм катары 1 даана ашканада колдонулган бычак алынган. Каза болгон келиндин сөөгүнө соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

️Тергөө амалдарынын жүрүшүндө белгилүү болгондой, маркумдун күйөөсү Д.Я. Орусияда иштеп жүрүп, 2-январда үйүнө кайтып келген. Жубайы менен пикир келишпестиктен улам, бычак менен бир нече жолу көкүрөк тушуна сайып өлтүргөн.

4-январь күнү Сузак райондук соту кылмышка шектүүнү камакка алган.

Количество просмотров: 152