• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Сузакта 4 тоннадан ашуун кара куурай жок кылынды

9 Баш оона 202313:28 Бишкек Govori.TV

Сузак районунда 4 тоннадан ашуун жапайы кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сузак райондук, Ырыс жана Сузак айылынын милиция кызматкерлери тарабынан Саталган айылдарда жол жээгинде өскөн 4 тоннадан ашуун жапайы кара куурай орулуп өрттөлдү.

Ошондой эле жергиликтүү жашоочуларга милиция кызматкерлери тарабынан баӊгизаттардын зыяндуулугу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Количество просмотров: 98