• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Сузакта 8 адам күйдүргү оорусуна шектелип ооруканага түштү

30 Аяк оона 2021 11:51 Бишкек Govori.TV

Сузакта сегиз адам күйдүргү оорусуна шектелип ооруканага түштү. Бул тууралуу Карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялар борборунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ооруканага түшкөндөрдүн ичинен төртөөндө күйдүргү оорусу лабораториялык анализдерден кийин аныкталды. Бейтаптар Сузак районунун Кызыл-Туу айылынын тургундары. Алар өз алдынча мал союп этин бөлүп алган. Уйдун этин жеген 20дай адам дарыгерлердин көзөмөлүнө алынды.

Эске салсак, буга чейин Аксы районунун жети тургуну сентябрдын башында күйдүргүгө шек саналып, ооруканага жаткан. Алардын экөөндө илдет аныкталган. Алар өлгөн малды союп жешкен. 

Количество просмотров: 102