• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Сузакта бейбаштыкка шектелгендер кармалды

27 Бирдин айы 2023 16:17 Бишкек Govori.TV

Сузакта бейбаштыкка шектелип издөөдө жүргөндөр кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Сузак райондук ички иштер бөлүмүнө Кызыл-Туу айыл аймагынын 48 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анда 2023-жылдын 3-февраль күнү саат 16:00 чамасында Сузак районунун Мундуз айылында жайгашкан мал базарда 2 бир тууганын жана өзүн, сырттан тааныш болгон Абдулла, Абдыкалык, Абдумалик, Иса жана аттары белгисиз болгон 3 шериктери менен бирге сабашып, көзүнө таш менен уруп койгондугун билдирген. Натыйжада алар денелеринен алган жаракаттарынан улам Жалал-Абад облустук ооруканасына жаткырылган.

Бул окуя боюнча топтолгон материалдар Сузак РИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

«2023-жылдын 4-февралында Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагынын тургуну 1994-ж.т. Т.А. кармалып, Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына бир айга киргизилген. Мындан сырткары милиция тарабынан бул окуяга шектелген 6 жарандын өздүктөрү такталган. Бирок тергөөнүн жүрүшүндө алар жүргөн жерлерин жашырып, тергөөгө келбей белгисиз болуп жаткандыгына байланыштуу аларага карата издөө жарыяланган жана сырттан айыптары угузулуп, Сузак райондук соттун сырттан камакка алуу түрү тандалган. Буга чейин, кылмыш иш боюнча тергөө аракеттеринин жүрүшүндө 2023-жылдын 23-февраль күнү аталган кылмыш ишин жасагандыгы боюнча айыпталып издөөдө жүргөн Сузак районунун тургуну 1995-жылы туулган А.у М кармалган. Ошондой эле, Сузак РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн ыкчам кызмактерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, аталган кылмыш иши боюнча айыпталып, издөөдө жүргөн 1984-ж.т. С.А., 1989-ж.т. С.Б. жана 1990-ж.т. А.А. кармалышып, Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө амалдары улантылып жатат.

Количество просмотров: 58