• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Сузакта мурдагы айыл өкмөт башчысы кармалды

29 Жалган куран 2023 12:05 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абаддын Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын жер тилкелерин мыйзамсыз сатуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган айыл аймагынын жооптуу кызматкерлери “Кадастр” мекемесинин Сузак райондук филиалынын кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алып, белгилүү бир акчалай сыйлык үчүн Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жасалма токтомдорун пайдалануу менен жеке турак жай куруу үчүн 6 гектардан ашык жер тилкесин мыйзамсыз бөлгөн. Ошондой эле жер тилкелерине жеке менчик укугу боюнча мамлекеттик актыларды жасап беришкен.

Айыл чарба багытындагы жерлерди мыйзамсыз берүүгө негиз болгон документалдык маалыматтарды аныктоо жана табуу максатында мурдагы айыл өкмөт башчысы К.М.Ы. кармалып, үйүндө тинтүү иштери жүргүзүлдү.

Анын жүрүшүндө кылмыш ишине тиешеси бар көп сандагы токтомдор, корутундулар, топографиялык жана башка жасалма документтер табылып алынды. Аталган даректе ок атуучу куралдар, травматикалык куралдар жана ок-дарылар мыйзамсыз сакталганы аныкталды.

Азыркы учурда УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан кызмат адамдарынын кылмыш иштеринин башка фактыларын аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Өз кезегинде, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы Сузак районунун тургундарына айыл чарба багытындагы категорияга таандык жана айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондуна тиешелүү жер тилкелерин, жайыттарды жеке турак-жай куруу үчүн бөлүп берүү жөнүндө токтомдор мыйзамсыз экенин билдирет.

Ушуга байланыштуу УКМК Сузак районунун тургундарын мурда алынган документтери менен УКМКнын облустук башкы башкармалыгына келип, бул коррупциялык схемага тиешеси бар адамдарды жоопко тартуу боюнча тергөө иштерине көмөк көрсөтүүгө чакырат.

Количество просмотров: 898