Сузактагы «Манас айтуу» иш-чарасында балдарды сүзүп кеткен автонунаанын айдоочусу үй камагына чыкты. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Милиция Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 2-бөлүмү (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен иш козгогон. Соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, автоунаанын 48 жаштагы айдоочусу кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалган.
2-майда саат 11:30 чамасында Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөтүндөгү эс алуучу жайында манас айтуу боюнча республикалык кароо-сынактын алкагында флешмобго катышып жаткан окуучуларды Hyundai Porter унаасы тебелеп кеткен. Анын натыйжасында 32 адам ар кандай жараат алган.
Окуя боюнча бардык жагдайларды тактоо үчүн комиссия түзүлгөн.