• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Сузакта жаш келин эгиз балдары менен иске ууланып каза болду

4 Үчтүн айы 2021 10:48 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абадда жаш келин 3 баласы менен иске ууланып каза болду. Маалыматты Govori.TVга Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 2-январга караган түнү Сузак районунун Кашка-Терек айылынын тургуну 1991-ж.т. О.А. өзүнүн үйүндө 5 жаштагы уулу жана 3 жаштагы эгиз балдары менен уктап жатып, көмүрдөн чыккан газга ууланып, каза болуп калышкан.

Бул окуя боюнча топтолгон материал Сузак РИИБдин КЖБРне уулануу болуп катталып, текшерүү иштери башталган.

Текшерүү учурунда каза болгондордун жакындары эч кимге арыз доосу жоктугун билдирип, жансыз денелерди соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартты»,-деп айтылат маалыматта.

Жогоруда көрсөтүлгөн балдардын атасы 2018-жылдан тартып Россияда иштеп жүргөн.

Количество просмотров: 180