• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Сузактагы ок атууга байланыштуу дагы 2 жаран кармалды (видео)

5 Аяк оона 2023 17:49 Бишкек Govori.TV

Сузактагы ок атууга байланыштуу дагы 2 жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 30-августка караган түнү болжол менен саат 00:30 чамасында «Деу-Нексия-2» үлгүсүндөгү унаада жүргүнчү катары бара жаткан 29 жаштагы Н.С. аттуу жаранга «Хундай-Гетс» үлгүсүндөгү унаа менен белгисиз адамдар келишип бир нече жолу ок атуучу курал менен ок атышкан. Натыйжада Н.С. денесинен оор жараат алып Жалал-Абад облустук бириккен клиникалык ооруканасына жаткырылган.

Аталган факты 30-август күнү Сузак РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренеси менен катталып, кылмыш иши козголгон.

«Кылмыш ишине шектүү катары Сузак районунун тургундары 1999-ж.т. Ж.Э. жана 2000-ж.т. Р.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген»,-деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек буга чейин бул окуяга байланыштуу Сузак районунун тургуну 1995-ж.т. Б.М. кармалган болчу. Анын башка коргоо чарасы бүгүн Сузак райондук сотунда каралууда. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Количество просмотров: 413