• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Сузактагы окуучунун сабалышы боюнча министрликтин алдында митинг өттү

1 Кулжа 2022 11:11 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 1-юнда Билим берүү жана илим министрлигин имаратынын алдында нааразычылык акциясы өтүп жатат.

Акцияга чыккандар » 1-июнь балмуздак таратчу күн эмес, балдарды агрессорлордон коргогула», «Зөөкүр коом балдардын шагын сындырат», «Мектептеги зомбулукту токтоткула!» деген жазууларды кармап турганын көрүүгө болот. Алар мугалим окуучуга кол көтөргөн окуяны сындашты.

«Мындай көрүнүштөргө жол бербешибиз керек. Мугалимдерди колдогонго даярбыз. А түгүл мамлекет башчы колдоого алып, маяналарын көтөрүп берди. Ага жараша мугалимдер дагы жоопкерчиликти сезиш керек. Жалпы коомчулук зомбулукка каршы туруп, сузакта сабалган 14 жаштагы окуучунун укугун коргобосок, жаш муунда ишеним жоголот. Мектепте өздөрүн коопсуз сезбесе кантип билим алышат? Биз келечекте өзүнө ишенген билимдүү жарандардын коомун кургубуз келет»,-деди акциянын катышуучусу.

Эске салсак, 23-майда Сузак районунун Сафаровка айылындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы мектепте информатика сабагынан берген мугалим 7-класстын окуучусун сабап койгон. 25-майда сабак учурунда мугалимдин окуучуну сабаган видеосу интернетке тарап, талаш-талкуу жаралды.

Азыркы мезгилде иштин жагдайы боюнча окуу жайдагы мугалим жана мектеп окуучулары суралып, алдын ала сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 3416