• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Сузактын тургуну радикалдык көз карашынан баш тартканын билдирди

3 Жетинин айы 202210:02 Бишкек Govori.TV

УКМК тарабынан Кыргызстандагы диний-экстремисттик жана террористтик уюмдарга каршы аракеттенүү боюнча алдын алуу иш-чаралардын алкагында, «Хизб ут-Тахрир» диний экстремисттик уюмдун мүчөлөрүн жана тарапташтарын түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Сузак районунун Х.А.С. аттуу тургуну радикалдык көз карашынан эл алдында баш тартканын билдирди. Ал 2005-жылдан бери «Хизб ут-Тахрир» уюмунун ишмердүүлүктөрүнө катышып, экстремисттик активдүү кызматкерлер менен жашыруун байланышта болгон.

Профилактикалык иш-чаранын жүрүшүндө ал диний багытынын туура эместигин моюнга алып, жарандарды мыйзамсыз чакырыктарга алданбоого чакырды.

Азыркы учурда УКМК тарабынан профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү боюнча иштер улантылууда.

Количество просмотров: 116