«Хизб ут-Тахрир аль-Ислами» уюмунун мүчөлөрү мечитте экстремисттик идеологиядан эл алдында баш тартышты. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, буга чейин соттолгон «Хизб ут-Тахрир аль-Ислами» экстремисттик уюмунун мүчөлөрү 1-августта Арстанбап борбордук мечитинде жума намазынан кийин экстремисттик идеологиядан эл алдында баш тартышты.
Буга чейин «Хизб ут-Тахрир аль-Ислами» диний-экстремисттик уюмунун мүчөсү болгондор 1-августта Арстанбап борбордук мечитинде жума намазынан кийин экстремисттик идеологиядан баш тартты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Белгиленгендей, булар:
УКМКнын маалыматы боюнча, алар «эл алдында сөз сүйлөп, өздөрү тандап алган диний багыттардын туура эместигин ачык моюнга алышып, кыйратуучу идеялардан баш тартышып, жарандарды «Хизб ут-Тахрир аль-Ислами» жана башка диний-экстремисттик уюмдардын мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алдырбоого чакырышты».