• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Свердлов районунунда 23 көчө түздөлөт

21 Теке 202314:10 Бишкек Govori.TV

Быйыл Свердлов районунда 23 көчөнү грейдерлөө иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, «Учкун» конушунда «Бишкекафсалтсервис» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери автогрейдер менен Ж. Огонбаев жана Миң-Булак көчөлөрүн тегиздөө иштерин жүргүзүүдө.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын июнь айында шаардык бюджеттин эсебинен муниципалдык жолдорду сапаттуу тейлөө үчүн XCMG GR 165 автогрейдери сатып алынган.

Количество просмотров: 111