Нурбек Сыдыгалиев 1973-жылы 15-августта туулган. 1990-1995 — Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетинде «Бухгалтердик учет, көзөмөл жана чарбалык анализ иштери» адистигин бүтүргөн.
Эмгек жолу:
1995-2002 — Жеке ишкерлик менен алектенген;
2002-2006 — «Асейин» өндүрүштүк коммерциялык фирмасынын директорунун орун басары;
02.04.2007-22.10.2007 — Жогорку Кеңештин депутатынын жардамчысы;
2008-2010 — «Спорт биримдиги» спорттук уюмунун директору;
09.04.2010-02.09.2010 — «Кара-Балта спирт заводу» мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары;
2011-2012 — «Чакан ГЭС» ЖЧКсынын башкы директорунун орун басары;
2012-2016 — өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;
2019-жылдын декабрь айында «Ата Мекен» партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп мандат алды.
2011-жылдан бери Кыргызстандын эркин күрөш федерациясынын президенти.
«Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси» класстык чини бар. Нарын облусунун «Жумгал районунун ардактуу атуулу» наамын алган.
2021-жылдын 27-январында Жогорку Кеңештин вице-спикери болуп дайындалган.