Бүгүн, 13-августта Эски аянтта Париждеги Олимпиада оюндарына катышкан спортчуларды сыйлоо аземи болуп өттү.
Акча жана машиналар менен олимпиаданын жеңүүчүлөрү, катышуучулар жана машыктыруучулар сыйланышты.
Олимпиадалык курама команданын мүчөлөрү 500 миң сомдон 1 миллион сомго чейин, күмүш медалдын ээлери 10 миллион, коло медалдын ээлери 7 миллион сомго чейин акчалай сыйлык алышты. Алардын бардыгына да машиналар берилди.
Команданын мүчөлөрүнүн арасында 14-орунду ээлеген спортчу Сардана Трофимова да бар. Ал 500 миң сом сыйлык жана автоунаа алууга укуктуу. Бирок ал иш-чарага катышкан жок. Уюштуруучулар такташкандай, ал жеке себептерден улам салтанатка катыша албай калгандыктан, алып баруучулар анын атын аташкан эмес.
«Биринчи мүмкүнчүлүк болгондо, ага татыктуу сыйлык берилет», — деп белгилешти уюштуруучулар.