• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Сынга сынбаган Самара Каримова жеке чайханасын ачты

10 Үчтүн айы 2019 14:45 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 10.01.2018. Govori.TV

Самара Каримова эл сындаган, ар тараптуу терс пикирлерге чыдаган ырчылардын бири.

Көпчүлүк ырчыны жолдошу өзүнөн бир топ жаш улуу болгондугу жана ага карабай колунда бар инсан экендиги үчүн катуу талкууга алып келет.

Каримова кандай гана жумушка орношпосун, кайсыл иштин башын кармабасын калк жабыла «күйөөсүнүн артынан» деп кеп кыла баштайт.

Жакынкы күндөрдө ырчы жеке интернет баракчасына Ошто өзүнүн атынан чайхана ачкандыгы тууралуу кабарлады. Инстаграм ырчыга жакшы жарнама булагы болуп бергенин көрүүгө болот. Анткени Самара айым күн сайын чайханасын жарнама кылуудан чарчабай келет.

Ырчы буга чейин бийчилер тобун негиздеп, сулуулук салонун ачкан. Ага кошумча 2018-жылы Оштогу музукалык окуу жайдын жетечиси болуп дайындалып бирок 1 күндөн кийин кайра кызматтан алынган.

Булак: “Барометр” сайты

Количество просмотров: 20