• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Өзгөндө чайканада көмүргө ууланган аял көз жумду

14 Үчтүн айы 2019 13:00 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 14.01.2019. Govori.TV

Өзгөн шаарында 35 жаштагы аял чайканада көмүрдүн исине ууланып көз жумду. Маркумдун 37 жаштагы эжеси да жабыркап, ооруканага түштү. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев, окуя 12-январда «Батма эне» деген кафеде болгон. Эже-сиңди ошол чайканадагы бир бөлмөдө жатып эмгектенишкен.

“Алар жашаган бөлмө электр энергиясы менен жылытылат экен. Түнкү саат бирлерде жарык өчүп, үй муздай баштаганда алар шишкебек бышырган көмүрдүн чогун челекке салып бөлмөнү жылытып уктап калышкан. Көмүрдөн чыккан истен улам бири каза болгон”,- деди Аширбаев.

Өзгөн райондук милициясы окуяны иликтеп жатат. Райондук оорукананын дарыгерлери маркумдун эжесинин абалы дурус экенин, ал 2-3 күндөн соң дарыланып чыгарын билдиришти.

Иске ууланган эже-сиңди — Көлдүк айылынын тургундары.

Булак: «Азаттык» радиосу

Количество просмотров: 24