Бүгүн, 16-августта Транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу Абсаттар Сыргабаев Чүй облусунун Москва районундагы №16 түзөтүү колониясынын аймагындагы көпүрөнүн курулуш иштери менен таанышты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Сыргабаев жеринде подрядчы фирмалардын жетекчилери менен жолугуп, башталган ишти белгиленген мөөнөткө чейин бүтүрүү тапшырмасын коюп, эскертүү берди.
Белгилей кетсек, азыркы тапта көпүрөнү салууга даярдыктар көрүлүп, жер жумуштары жүрүп жатат.