• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларын кардан тазалоо иштери жүрүүдө

21 Чын куран 2021 10:23 Бишкек Govori.TV

Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында инерттүү материалдарды чачуу жана жолдорду тазалоо иштери жүрүп жатат.

Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлиги билдиргинин басма сөз кызматы билдиргендей, 20-апрелден 21-апрелге караган түнү ашууларга кар жааган. Кардын калыңдыгы 10-15 см түзөт.

“№9 жана 23 жол-эксплуатация башкармалгынын кызматкерлери жолдорго инерттүү материалдарды чачып, кардан тазалап жатышат, Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында транспорт каражаттарынын коопсуз жүрүүсү үчүн бардык зарыл техникалар тартылган”,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 186