• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Төө-Ашууда оор жүк ташуучу унааларга чектөө кирди

11 Бирдин айы 20269:18 Бишкек Govori.TV

Бүгүн саат 09:00гө карата республиканын негизги ашууларында кар жаап жатат. Бишкек – Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда саат 03:40 дан тарта оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. Учурда кар жаап жатат, тазалоо иштери тынымсыз жүрүүдө.

Барскоон – Ак-Шыйрак унаа жолундагы Сөөк ашуусунда жана Каракол-Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашуу ашуусунда күн бүркөк, каттам бар.

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолундагы Долон, Чар, Ак-Бейит, Кубакы ашуулары жана Боом капчыгайында күн бүркөк, жол кыймылы үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолундагы Өтмөк ашуусунда кар жаап, жолдо каттам бар.

Количество просмотров: 87