• Дүйшөмбү 20 Теке 2026
  • Понедельник 20 Июль 2026

Төө-Ашууда кар жаап жатат

11 Бугу 202418:08 Бишкек Govori.TV

Аба-ырайы кескин өзгөрүп кеткендигине байланыштуу Бишкек — Ош унаа жолунунун Төө-Ашуу ашуусунда туман каптап, кар жаап жатат. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Башкармалык айдоочуларды мындай аба ырайында жолдо жүрүүдө сак болууга жана коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырат.

Количество просмотров: 132